startnewlife
Эгер документ англис тилинде эмес жана Home Office ишиңизге кирсе — кесипкөй котормочудан которуу керек. Өзүңүз эмес, Google Translate эмес, досуңуз да эмес.

Home Office которууда төмөнкүлөр бар экенин текшерет: дата, котормочунун толук аты, колу, байланыш маалыматтары жана толуктугу менен тактыгын тастыктоо.

LTR (убактылуу жашоо укугу) жана ILR (туруктуу жашоо укугу) үчүн кошумча түрдө котормочунун квалификациясы тууралуу маалымат керек.

Эгер сизде Legal Aid юристи болсо — алгач андан сураңыз: ал көбүнчө которууну ишиңиздин эсебинен заказ бере алат.

Home Office которуудан так эмнени талап кылат

Home Office расмий эрежелери (Immigration Rules) боюнча ар бир которууда төмөнкүлөр болушу керек:

  • Документтин толук которулмасы — бардык мөөрлөр, белгилер жана четтеги жазуулар менен кошо
  • Которулган күнү
  • Котормочунун толук аты же компаниянын ыйгарым укуктуу өкүлү
  • Колу
  • Байланыш маалыматтары — телефон же email
  • Тактыгын жана толуктугун тастыктоо — «I certify this is a true and accurate translation of the original document» сыяктуу бир сүйлөм

Leave to remain (LTR, убактылуу жашоо укугу) жана ILR (туруктуу жашоо укугу) үчүн ошондой эле котормочунун квалификациялуу адис экенин тастыктаган маалымат же компания тууралуу маалымат талап кылынат.

Маанилүү: «Home Office approved» деген расмий статус жок
UKда «бекитилген котормочулардын» мамлекеттик реестри жок. «Home Office approved» фразасы — агенттиктердин маркетингдик ыкмасы. CIOL, ITI же ATC мүчөлүгүнө таяныңыз — булар чыныгы кесипкөй стандарттар.

Home Office үчүн кайсы документтер көп которулат

Эреже мындай: ишиңизде далил катары колдонулган жана англис тилинде эмес документтер которулат. Тизме сиздин конкреттүү жагдайыңызга жараша болот. Көбүнчө булар:

Паспорт / ID — сүрөт бар беттер, бардык жарактуу визалар, бардык мөөрлөр
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк — инсанды же үй-бүлөлүк байланышты далилдөө үчүн
Нике / ажырашуу күбөлүгү — үй-бүлөлүк арыздар үчүн
Сот же полиция документтери — asylum claim'иңизге тиешелүү болсо
Медициналык каттар жана маалымкаттар — иште далил катары колдонулса
Диплом же билими тууралуу маалымкат — жумуш визалары же ILR үчүн
Ишеним каттар жана нотариалдык документтер — иш үчүн керек болсо

Котормо туура эмес болсо эмне болот

Котормодон улам баш тартуунун эң көп себептери:

1. Котормочунун маалыматы жок
Эң көп кездешкен себеп. Аты-жөнү, байланыш маалыматтары же колу жок болсо — котормо кабыл алынбайт. Кошумча документтерди сурап, 4–8 жума убакыт коротосуз.
2. Толук эмес котормо
Мөөр, печать же четине жазылган белги өткөрүлүп калган. Home Office үчүн «толук» деген — документте көрүнгөн нерсенин баары.
3. Текшерилбеген котормочу (LTR/ILR үчүн)
LTR же ILR арызы болсо — Home Office котормочунун квалификациясын текшериши керек. Маалымат жок болсо же текшерүү мүмкүн эмес болсо — жаңы котормо сурап баш тартышат.

Ушул себептерден улам ар бир баш тартууда кошумча документтер боюнча суроо-жооп жүрүп, 4–8 жума убакыт кетет. Биринчи жолудан туура жасаган оң.

Legal Aid жана котормонун баасы

Эгер сизде Legal Aid юристи (мамлекеттин акысыз юристи) болсо — биринчи андан сураңыз: ал котормону ишиңиздин disbursement (иш боюнча чыгым) катары заказ кылышы мүмкүн. Бул автоматтык түрдө кепилденбейт, бирок көп учурда мүмкүн — өзгөчө asylum иштери үчүн.

«Бул так акысыз» деп ойлобоңуз — юристтен өзүңүздүн абалыңыз үчүн тактаңыз. Legal Aid жөнүндө толугураак: Legal Aid баракчабыз.

Эгер Legal Aid жок болсо — орточо баалар:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт, нике күбөлүгү: £25–60
  • Сот документтери, органдардан каттар: £40–100
  • Тиркемеси менен диплом: £80–150
  • ECCTIS (дипломду мамлекеттик тастыктоо): £210 / 20 жумушчу күн

Өлкөңүздөгү котормочу келгенге чейин котормо жасаган болсо

Техникалык жактан бул тыйылган эмес. Home Office guidance так айтат: qualified translator UK'дан да, чет өлкөдөн да болушу мүмкүн — негизгиси, анын маалыматтарын көз карандысыз текшерүүгө болушу керек.

Практикада: чет өлкөлүк котормочуну текшерүү кыйыныраак → Home Office кайра котормо сурап калуу коркунучу жогору. Эгер CIOL/ITI сертификаты бар UK адисин тандоо мүмкүнчүлүгү болсо — ошону тандаңыз.

Asylum claim — өзгөчө учурлар

Asylum seeker'лер үчүн маанилүү
  • Оригиналдарды почта менен жибербеңиз — скан же сүрөт гана жетиштүү
  • Эгер тобокелдиктүү өлкөдөн кайра алуу кыйын документтериңиз болсо — оригиналдарды сактоо өзгөчө маанилүү
  • Migrant Help (0808 8010 503) asylum seeker'лерге жардам табууга көмөктөшө алат
  • Баш тартылгандан кийин Para 353 — жаңы далилдер тапшырсаңыз — бардык жаңы документтерге котормо керек

Тапшыруудан мурунку текшерүү тизмеси

Ар бир которулган документти текшериңиз:

Терминдер сөздүгү
Home OfficeУлуу Британиянын Ички иштер министрлиги — виза, башпаанек жана статус маселелерин карайт
UKVIUK Visas and Immigration — Home Office'тун бөлүмү
CIOLChartered Institute of Linguists — UK'дагы котормочулардын негизги ассоциациясы
ITIInstitute of Translation and Interpreting — UK'дагы котормочулардын экинчи ассоциациясы
ATCAssociation of Translation Companies — котормо компанияларынын ассоциациясы
Legal AidМамлекет тарабынан берилген акысыз юридикалык жардам
ILRIndefinite Leave to Remain — туруктуу жашоого уруксат
LTRLeave to Remain — UK'да убактылуу жашоо укугу
ECCTIS (бывш. NARIC)Чет өлкөлүк дипломдорду тастыктоочу мамлекеттик сервис
ApostilleДокументтин түп нускасына коюлуучу мамлекеттик мөөр — берилген өлкөдө басылат
Байланыштуу баракчалар
← Артка: Документтерди которуу — башкы бет UK'да башпаанек алуу процесси Legal Aid — акысыз юрист Биздин базадан котормочу табуу Para 353 — чет кагылгандан кийинки жаңы далилдер